музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КӨРГӨЗМӨСҮ ТАШКЕНТ ШААРЫНДА АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КӨРГӨЗМӨСҮ ТАШКЕНТ ШААРЫНДА АЧЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Маданият күндөрүнүн алкагында, Тарых музейинин “Кылым мурастары” көргөзмөсү көрүүчүлөргө тартууланды.
Өзбек элинин интеллигенциясы, жергиликтүү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана Ташкенттеги элчиликтеринин даражалуу кызмат адамдары кыргыз элинин мурастары менен таанышты.
Улуттук музейдин 41 уникалдуу экспонаты, 35 мыкты фотосүрөттөрдүн планшеттери жана кыргыздын, түрк дүйнөсүнүн жана адамзаттын руханий таберигине айланган Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим”, Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү” жана “Манас” эпосу китептеринен турган көргөзмөсү жылуу кабыл алынды.
Байыркы сак-усун, хунн-түрк маданий эстеликтери, Кыргыздардын каганатынын мезгилинде баалуу предметтери, буклеттеги тексттик жана Led Экран аркылуу таратылган слайд маалыматтарынын негизинде бир тууган коңшу эл, кыргыздын көөнө тарыхы менен суктанткан маданиятына баа берди.
Музей өзүнүн эки элдин ынтымагына, түпкүлүктүү мурастарын таанып билүүгө багытталган агартуучу үгүттө-жайылтуу милдетин аткарды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90