КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫТАЙ ѲЛКѲСҮНҮН ШЭНЬСИ ПРОВИНЦИЯСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Аймактар аралык байланыштарды тереңдетүү максатында иш сапарда жүргѳн КЭРдин Шэньси провинциясынын КПКнын партиялык комитетинин туруктуу мүчѳсү, атайын комиссиянын катчысы жетектеген делегация тобу, кызматташуунун алкагында Улуттук тарых музейне саякат жасады.
Кыргызстандын аймагындагы 300-100 миң жыл илгерки адамзаттын алгачкы жамаатык жашоосунан тарта, кыргыз элинин саясий-коомдук турмушу менен улуттук руханий ѳзгѳчѳлүктѳрүн чейин кызыгуу менен кѳрүп чыгышты.
Делегация ѳкүлдѳрү, соңунда кыргыздын тарыхы менен таанышууга уруксаат берген музей жетекчисине жана уюткулуу элдин мурасын жайылтып келе жаткан мекемеге ыраазычылыгын билдиришти.