музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКЫ ПРОКУРОРУ МУХСИН ШЕНТҮРК КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКЫ ПРОКУРОРУ МУХСИН ШЕНТҮРК КЕЛДИ

Кыргызстандын маданий жүзү саналган музейге келген расмий меймандарды мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алды.
ШКУ ѳлкѳлѳрүнүн башкы прокурлорунун 22-отурумунун жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы прокурорлорунун Кеңешинин 3-отурумунун алкагындагы ийгиликтүү сүйлѳшүүлѳрдѳн жана документтерге кол коюдан кийин, Бишкек шаарынын прокурору Канат Насипов жана Биринчи май районунун прокурору Рахат Шергазиев, о.э. Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Догандын сый коштоосунда келген Түркиянын Башкы прокурору Мухсин Шентүрк тарых музейине зыярат кылды.
Башкы прокурорго экскурсовод Энесай-Алтайдан башталган Түрк кагандыктарынын тарыхын кеңири чагылдырган баалуу экспонаттар аркылуу, мезгилинде Борбордук Азия мейкиндигинде бийлигин жүргүзгѳн кыргыз-түрк элдеринин жылдыздуу сааты тууралуу кызыктуу баяндама жасады.
Түркиянын Башкы прокурору абалкы доордон – азыркы күнгѳ чейинки уникалдуу коллекцияларды сактап келе жаткан музей ишине ийгилик каалап, мекеме жетекчиси менен жылуу коштошуп кетти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90