КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ 1925-ЖЫЛЫ ЖАСАЛГАН ЖЫГАЧ ТАБАК ТАПШЫРЫЛДЫ
Аксы районунун Кызыл Жар айылынын тургуну Кенжекулова Шарапат апа, кайын энеси 1907-жылы туулган, бой жетип Аксыга турмушка чыккан Таластын кызы Чынкоен кызы Бѳкѳндѳн калган, кастарлап сактап келе жаткан чоң жыгач Аш табагын тарых музейине белек катары ѳткѳрүп берди.
Таластык Нарбото аттуу мыкты жыгач уста тарабынан атайын себине жасалып, 100 жылга чукул сакталып келген табак, азыркы күнгѳ чейин колдонулуп келген.
Урпактарыбызга мурас болсун деп, сый тамактар тартылуучу табакты берген Шарапат апанын жана небереси Камбарова Аселдин ата-бабаларыбыздын буюмдарына болгон аяр мамилесине, ѳткѳн тарыхка болгон урматына музей жамааты ыраазычылыгын билдирет.
Музей кѳп окуянын күбѳсү болгон, раритетке айланган буюмдарды акысыз тапшырган илимдүү-билимдүү коом менен тыгыз иштешип, улуттун байлыгын сактап калууга кам кѳрүүнү улантат.