музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ПАРИЖДЕ ѲТКѲН ЖАЙКЫ ОЛИМПИАДАНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ МААЛЫМАТ БЕРИШТИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ПАРИЖДЕ ѲТКѲН ЖАЙКЫ ОЛИМПИАДАНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ МААЛЫМАТ БЕРИШТИ

Париж Олимпиадасынын жеңүүчүлѳрү менен катышуучулары мамлекеттик сыйлоо аземинен кийин, тарых музейинин салтанаттуу жыйындар залында жалпы элге маек куруп беришти.
Майрамдык салтанаттуу иш-чарага спорт комитетинин кызматкерлери, ийгилик жаратуучулардын ата-энелери менен жакындары, активдүү жарандар жана медиа ѳкүлдѳрү катышты.
Ѳлкѳнүн намысын коргоп, желегин желбиретип келген балбандар Олимпиаданын ийгилиги менен жыйынтыгы, алдыдагы пландары, келечектеги кадамдары тууралуу күйѳрмандары кызыктырган суроолорго жооп беришти.
2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында ѳтѳ турган кезектеги спорт оюндарында алтын алууга кызуу даярдык кѳрүү жана жеңүү үчүн бүткүл күчтѳрүн жумшаары тууралуу айтып ѳтүштү.
Элге кылган кызматтары менен жеңиштери тарыхта кала турган жана Тарых музейинде атайын бѳлүмдѳ ийгиликтери чагылдырылган балбандардын маегинин музейде ѳтүшү кызыктуу жана символикалуу болду.
Музей мындан ары да, Кыргызстан эли менен бирге ѳз спортчулары менен сыймыктанат жана алардын тарыхынын сакталып калышына салымын кошот.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90