музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕРИНИН УЮМУНДАГЫ ѲЛКѲЛѲРДҮН ЖАШ ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕРИНИН УЮМУНДАГЫ ѲЛКѲЛѲРДҮН ЖАШ ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ КЕЛДИ

Азербайжан, Казакстан, Ѳзбекстан, Түркия, Түркмѳнстан мамлекеттеринин Түрк Мамлекеттеринин Уюмундагы жаш ыктыярчыларынын эл аралык мектебинин чет ѳлкѳлүк катышуучулары, Кыргызстанда ѳтүп жаткан иш-чаранын алкагында тарых музейине саякат жасашты.
Активдүү жаш ыктыярчылар тобуна, түрк жана орус тилдеринде илимий кызматкерлер экскурсия жүргүзүп, кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Кыргыздардын жана түрк дүйнѳсүнүн тарыхын күбѳлѳгѳн музей буюмдары аркылуу, ошол доордогу бабалардын баскан жолу, кылган иши, калтырган мурастары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Келечектин ээлери, ынтымактын даанакери саналган ыктыярчылар, атайын кабыл алып, маданий эс алууларына шарт түзгѳн музей жетекчилигине жана эмгек жамаатына соңунда ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90