КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ИТАЛИЯ ѲЛКѲСҮНҮН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен бирге “Саймалуу Таш” тарыхый сүрѳт эстелигин изилдѳѳ жана аны ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизүү үчүн иш сапарда жүргѳн Италия мамлекетинин изилдѳѳчүлѳрү, тарых музейинин артефактары менен таанышты.
Делегация ѳкүлдѳрүнѳ, адамзаттын асыл табериктери катары белгилүү болгон Тогуз-Тородогу – Саймалуу-Таш, Чолпон-Атадагы Саймалы-Таш, Алайдагы – Терген-Таш, Кетмен-Төбөдөгү – Чаар-Таш, Таластагы – Жалтырак-Таш, Оштогу – Сук Дөбө, Чүйдөгү – Бейшеке, Туура-Суудагы – Кереге Жар, Кочкордогу Көк-Сай сандуу петроглифтери бай тарыхты тууралуу кызыктуу маалымат берилди.
Изилдѳѳчүлѳр суктануу менен экспрессивдүү эстеликтерди сүрѳткѳ тартып алышып, суроолорун берип, жандуу талкуулашып, кѳрүп чыгышты.
Соңунда, маданий программа уруксаат берген музей жетекчилигине жана кѳргѳзмѳнүн бай мазмуну тууралуу маалымат берген кызматкерге ыраазычылыгын билдиришти.