КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ОРУСИЯНЫН САХА РЕСПУБЛИКАСЫНЫН (ЯКУТИЯ) ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Тимурлан Ажымалиев Орусиянын Саха Республикасынын (Якутия) делегациясын кабыл алды
Бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Россия Федерациясынын курамындагы Саха Республикасынын (Якутия) делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Тимурлан Ажымалиев якут эли кыргыздар үчүн артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экендигин белгилеп, бирге иш алып барууга дайым даяр экенин билдирди.
Делегациянын мүчөсү, Саха Республикасынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сергей Местников маданият жана спорт жаатында эки элдин достугун чыңдоочу иш-чараларды өткөрүү ниети бар экенин айтып, кызматташууга ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында конокторго Улуттук тарых музейине экскурсия уюштурулду. Алар кыргыз элинин тарыхы менен таанышып, маданий мурастарга таандык экспозицияларды, этнографиялык жана археологиялык коллекцияларды көрүштү.