КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРИ ЖАНА ЖАМААТЫ КѲРҮП КЕТТИ
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова жана эмгек жамааты атайын маданий программанын алкагында келишип, кыргыз тарыхынын байыркылыгын кѳрсѳткѳн экспонаттары менен таанышты.
Министр айым жетектеген меймандарды КР Башкы музейинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, маданиятка кѳңүл буруп, ѳзү баштап экскурсия уюштурган министрге жана демилгелүү кызматкерлерине ыраазычылыгын айтып ѳттү.
Директор Жылдыз Бакашова Кыргызстандын бюджеттик мекемесинин жетекчисинин маданий чѳйрѳгѳ атайын келип жатышы, үлгү болуучу кадам экендигин баса белгилеп ѳттү.
Андан соң, илимий кызматкер тарабынан музей дүйнѳсү, анын уникалдуу топтомдору жана улуттун карт тарыхы тууралуу илимдүү топко баяндама жүргүзүлдү.
Министр жана жооптуу кызматкерлери соңунда, жылуу кабыл алып тосуп алган музей жетекчисине ыраазычылыгын билдиришти.