музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН САЛТАНАТТУУ ЖЫЙЫНДАР ЗАЛЫНДА “МИⱧ ЖЫЛДАР МУРАСТАГАН КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ДОСТУГУ” АТАЛЫШТАГЫ ИШ-ЧАРА ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН САЛТАНАТТУУ ЖЫЙЫНДАР ЗАЛЫНДА “МИⱧ ЖЫЛДАР МУРАСТАГАН КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ДОСТУГУ” АТАЛЫШТАГЫ ИШ-ЧАРА ѲТТҮ

Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялуу облусунун 70 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамына арналган “Кылым кыйырындагы Кызыл-Суу түбѳлүктүү достук” аталыштагы мамлекеттик жетекчилер катышкан маданий иш-чара тарых музейинде “Этностан” маданий борбору тарабынан уюштурулду.
Мааракелик иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвень айым, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова жана мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, манасчылар, ѳнѳр адамдары, кытайлык кыргыз боордоштор катышты.
Сѳз сүйлѳгѳн мамлекеттик жетекчилер жана элчи айым, мамлекеттүүлүктүн маанилүү майрамдарынын орду, эки элдин тоолор, жолдор жана суулар бириктирип турган тарыхый байланышы, жакшы коңшулук мамиледен, стратегиялык ѳнѳктѳштүккѳ чейин ѳсүп жеткен ынак достук алакасы, саясий, соода-экономикалык, маданий-агартуу тармагындагы ири долбоорлорду камтыган келишимдердин аткарылышы ж.б. жетишкендиктер тууралуу баса белгилеп ѳтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндѳ, атайын тасма жана кол ѳнѳрчүлѳрдүн эмгектери кѳрсѳтүлүп, этноконцерттик программа тартууланды.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана кытайдагы кыргыздардын мамлекетинин майрамына, эки элдин достугуна арналган иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90