музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ФОНДУСУ АЛАЙ РАЙОНУНУН ТУРГУНУНУН ШЫРДАМАЛЫ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ФОНДУСУ АЛАЙ РАЙОНУНУН ТУРГУНУНУН ШЫРДАМАЛЫ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

“Алай шырдамалы” этнофестивалынын катышуучу уз аялзаты Мадраимова Гүлбарчын ѳзгѳчѳ кийиз шырдамалын тарых музейине белекке тапшырды.
Кѳп түстүү жана кѳрктүү салттуу шырдактардан айырмаланып, ала кийиз сындуу ак менен кара ѳңдѳн шырылып жасалган, боюна оюмдарды жеңил сиңирип, кѳзгѳ толумдуу, урунганга байымдуу шырдамал фондунун баалуу буюмуна айланды.
Кол эмгегинен жаралган, эзелки оюм түшүрүлгѳн, эски элементтер сакталган шырдамалды иштеген ѳнѳр ээсине музей жамааты терең ыразычылыгын билдирүү менен эл колунда сакталып келе жаткан коллекцияларды жыйноону улантат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90