музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ-УСУЛДУК КЕⱧЕШИ ЭТНОГРАФИЯЛЫК МУЗЕЙ ПРЕДМЕТТЕРИН КАБЫЛ АЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ-УСУЛДУК КЕⱧЕШИ ЭТНОГРАФИЯЛЫК МУЗЕЙ ПРЕДМЕТТЕРИН КАБЫЛ АЛДЫ

Музей директору, профессор Жылдыз Бакашова жетектеген Илимий-усулдук кеңештин курамы, музейдин фондусун толуктоо максатында уникалдуу буюмдарды Фондулук сатып алуу комиссиясынын чечими менен тандап алды.
19-кылымдын аягы – 20 кылымдын 70 жылдарына чейин колдонулуп келген эл колундагы эски бешиктен тарта, ат жабдыктар, асем кооздуктарга чейинки адеми буюмдар алынды.
Сейрек кездешкен чач кап, арча бешик, жагдан, ат жабуу, туш кийиздер, ж.б. кайталангыс, жок болуп бара жаткан табериктер ишенимдүү коргоого алынып, алдыда кѳрүүчүлѳргѳ тартууланмакчы.
Ата бабалар урунган буюмдарды баалуулугун терең аңдап, кун-чени жок элдик мурастарды жыйнап, атайын коллекциялып, маданий жайга ѳткѳргѳн жарандарга музей ыраазычылыгын билдирет жана жигердүү иштешүүнү колдойт.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90