музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛКАСЫНЫН БААТЫРЫ АПАС ЖУМАГУЛОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛКАСЫНЫН БААТЫРЫ АПАС ЖУМАГУЛОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

Кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган “Ѳрнѳктүү ѳмүр” аталыштагы фотодокументалдык кѳргѳзмѳ тарых музейинде расмий ачылды.
Иш-чараны КР Улуттук тарых музейинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова ачып, кыргыз саясий элитасынын патриархынын үлгүлүү ѳмүр жолу жана узак эмгек жолундагы ийгиликтери тууралуу баяндаган кѳргѳзмѳнүн терең мааниси тууралуу билдирип ѳттү.
Андан соң, илимий кызматкер 59 жыл эли үчүн эмгектенип, анын ичинен 47 жыл мамлекеттик, чарбалык жана партиялык жооптуу кызматтарда, 22 жыл тоо-кен ѳндүрүшүнѳ, 12 жыл жеке жана коомдук жумуштарда иштеп, 7 жыл элчилик кызматты аркалап, мамлекеттүлүктү түптѳгѳн аталардын жолун улаган жана Эгемендүү Кыргыз Республикасынын түптѳлүшүндѳ алдыңкы катарда турган А. Жумагуловдун ѳмүр жолу тууралуу тааныштырды.
Кѳргѳзмѳгѳ жана илимий-практикалык конференцияга КР Министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, КР Баатыры Апас Жумагулов, мурдагы премьер-министрлер Амангелди Муралиев, Кубанычбек Жумалиев, Жоомарт Оторбаев, КР Улуттук илимдер академиясынын жетекчилери, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин жоон тобу, жаш илимий кызматкерлер менен окуу жайдын студенттери катышты.
Мааракелик иш-чарада расмий кутуктоо сѳздү КР Министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Эдил Байсалов сүйлѳп, даректүү тасма кѳрсѳтүлүп, илимий макалалар окулду.
Акыл-кѳрѳңгѳсү, иш тажрыйбасы, дипломатиялык чеберчилиги менен чаалыкпастан ѳлкѳсүнѳ кызмат кылган Апас Жумагуловдун 90 жылдык торколуу тоюна арналган иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90