музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН “ЭЛ АРАЛЫК ЭЛДИК ДИПЛОМАТИЯ” УЮМУНУН БАШЧЫСЫ КЕЛДИ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН “ЭЛ АРАЛЫК ЭЛДИК ДИПЛОМАТИЯ” УЮМУНУН БАШЧЫСЫ КЕЛДИ

“Эл аралык элдик дипломатия” уюмунун башчысы Бахыт Рустемов, кѳрүнүктүү маданият ишмери Ассоль Молдокматованын коштоосунда Улуттук музейге саякат жасап, ата бабалардын тарыхына таазим этип, таанышып чыгышты.
Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин этномаданиятка, искусствого, элдик дипломатияга жана элдердин достугун чыңдоого кошкон зор салымы үчүн сый-урмат кѳрсѳтүүгѳ келген мейманга кызыктуу экскурсия уюштурулду.
Байыркы доордогу адамзаттын маданий издеринен – кыргыз элинин эгемендүүлүк тарыхынын урунтуу учурларына чейин бай маалымат берилди.
Соңунда меймандар, атайын уруксаат берген музей жетекчисине жана жүргүзүлгѳн экскурсияга ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90