ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШЕМБИЛИК
Кыргыз Республикасы боюнча белгиленген Жалпы Республикалык ишембиликке Улуттук тарых музейинин кызматкерлери дагы чыгышып, маданий мекеменин айлана тегерегин иретке келтиришти.
Ишембилик уюшкандыкта өткөрүлүп, көрүүчүлөр үчүн таза, жагымдуу маанай түзүүгө аракеттер көрүлдү.
Тазалыкты сактоо менен бирге, жалпы кыргыз элин маданий жайларга, эс алуу мекемелерине келгенде ата бабалардын мурастарына аяр мамиле жасоого, үлгүү көрсөтүүгө музей кызматкелери чакыруу иретинде, ишембилик демилгелерин колдоону улантат.