музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  “ЫНТЫМАК ОРДОДО” УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БААТЫРЫ АПАС ЖУМАГУЛОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲСҮ” АЧЫЛДЫ

“ЫНТЫМАК ОРДОДО” УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БААТЫРЫ АПАС ЖУМАГУЛОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲСҮ” АЧЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин жаңы административдик имаратында, кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган тарых музейинин “Ѳрнѳктүү ѳмүр” аталыштагы фотодокументалдык кѳргѳзмѳсү ачылды.
КР Министрлер кабинетинин тѳрагасы, мурдагы премьер-министрлер, министрлер, депутаттар, илимпоздор, жалпы кыргыз интеллигенциясы катышкан мааракелик иш-чарада музейдин кѳргѳзмѳсүн мамлекеттик кызматкерлер жана жетекчилер илимий кызматкердин түшүндүрүүсүндѳ кѳрүп чыгышты.
Мамлекеттик ишмердин саясий жана жетекчилик бейнесин ачып берген фотодокументалдык кѳргѳзмѳ аркылуу, мамлекеттүүлүктүн тарыхый ордуна сереп салынып, инсандын эмгегине жогорку баа берилди.
Кѳргѳзмѳ жана иш-чара Президенттин жана Ѳкмѳт жетекчилигинин куттуктоосу менен уланып, ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90