музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ИНДИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КАДЕТТИК КОРПУСУНУН ДЕЛЕГАЦИЯ ѲКҮЛДѲРҮ КЕЛДИ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ИНДИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КАДЕТТИК КОРПУСУНУН ДЕЛЕГАЦИЯ ѲКҮЛДѲРҮ КЕЛДИ

Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында, индиянын аскер ѳкүлдѳрү тарых музейине саякат жасады.
Чет элден келген конокторго ата бабадан калган улуу мурастарыбыз тууралуу баяндуу маалымат берилди.
Алгачкы адам коомунун маданий эстеликтери менен индоарий элдеринин дүйнѳлүк тарыхта калтырган издеринен, руханий-диний баалуулуктарына чейин экскурсоводдун айтуусунда кыдырып, кѳрүп чыгышты.
Музейден илимий мааниси терең индия элинин байыркы табылгаларын жана ыйык мурастарын кѳргѳн жана аны аярлап сактап келе жатканына суктанган меймандар, соңунда атайын кабыл алган музей жетекчилигине жана эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90