КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ БЕЛГИЛҮҮ БРИТАНИЯЛЫК БАЛДАР ЖАЗУУЧУСУ ХОЛЛИ ВЕББ АЙЫМ КЕЛДИ
Борбордук Азиядагы Америка университети менен болгон кызматташуу сапарынын жүрүшүндѳ, кыргыз элинин тарыхы жана маданияты менен таанышууну максат кылган балдардын сүйүктүү автору Холли Вебб айымды музей кызматкерлери тосуп алып, атайын экскурсия жүргүзүлдү.
Меймандар, музейдин уникалдуу топтомдору менен таанышып чыккан соң, маданий программа ѳтѳ пайдалуу болгондугун, кыргыз эли тууралуу ѳтѳ терең маалымат алгандыгын белгилеп ѳтүштү.
Дүйнѳлүк балдар адабиятында ѳз орду бар таланттуу айым, соңунда жолугушууга жана музей дүйнѳсү менен таанышууга уруксаат берген мекеменин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.