музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЛЕЙЛЕК КИЛЕМИНИН КѲРГѲЗМѲСҮ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЛЕЙЛЕК КИЛЕМИНИН КѲРГѲЗМѲСҮ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЛЕЙЛЕК КИЛЕМИНИН КѲРГѲЗМѲСҮ АЧЫЛДЫ
“Кылым карыткан кыргыз килемдери” аталыштагы тарых музейинде ѳткѳн иш чарага КР Мамлекеттик катчысы С. Касмамбетов, КР Жогорку Кеңешинин тѳрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутат Камила Талиева, Арслан Малиев, Чынгыз Айдарбеков, КР Билим берүү жана илим министри Догдургул Кендирбаева КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Г. Абдыкалыкова, КР Улуттук тарых музейинин директору Ж. Бакашова жана башка мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окуу жайдын жетекчилери, студенттер, ѳнѳр адамдары катышты.
Сѳз сүйлѳгѳн жетекчилер, кыргыздын байыркы кол ѳнѳрчүлүгүнүн бири – килем токуучулук ѳнѳрүнүн ѳзгѳчѳлүгүн, андагы элдин бай маданияты, тарыхы, дүйнѳ таанымы сындуу толгон ой-таанымдар жаткандыгын белгилешти.
Салттуу маданиятты колдоп, жайылтып келе жаткандарга, уюштургандарга жана демилгелегендерге ыраазычылыктар айтылды.
Иш-чара Манас айтуу, тѳкмѳ акындардын ыры, этноансамблдин жагымдуу концерттик программасы, мастер-класстар, уздардын эмгектерин кѳрүү менен уланды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90