музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗ СОВЕТ УЛУТТУК МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗ СОВЕТ УЛУТТУК МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгѳндүгүнүн 100 жылдыгын белгилѳѳ жѳнүндѳ” Жарлыгына ылайык, КР Улуттук тарых музейинин Кыргыз Совет Улуттук мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына арналган жаңыланган туруктуу экспозиция бѳлүмү жана “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгѳндүгүнѳ – 100 жыл” аталыштагы мезгилдүү кѳргѳзмѳсү расмий ачылды.
Кѳргѳзмѳнү КР Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашов ачып жана иш-чараны алып барды.
Иш чарага КР мамлекеттик катчысы Сапарбек Касмамбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ѳкүлү Октябрь Капалбаев, КР УТМнын Тарых институтунун директору Аблабек Асанканов жана мамлекеттик жана коомдук ишмерлер менен мамлекеттүүлүктү түптѳгѳн аталардын урпактары, музей кызматкерлери, окуу жайдын студенттери катышты.
Сѳз сүйлѳгѳн жетекчилер мамлекеттеттүүлүктү түптѳгѳн инсандардын орду, ал тууралуу баяндаган мындай кѳргѳзмѳнүн терең мааниси, идеологиялык-тарбиялык орду тууралуу белгилеп ѳтүштү.
Кѳргѳзмѳдѳ мамлекеттүүлүктүн башатын түптѳгѳн кѳрүнүктүү инсандардын ѳмүрү жана ишмердүүлүгү, улуттук мамлекеттүүлүккѳ жетүү үчүн болгон саясий күрѳшү ырааттуу чагылдырылып, архивдик документтер, фотосүрѳттѳр, буюм экспонаттары жана атайын тасма аркылуу кызыктуу маалыматтар берилди.
Расмий иш-чаранын ачылышында, уникалдуу музей предметине айланган Жусуп Абдрахмановдун күндѳлүгүнүн түп нускасы, иш орундугу, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы, “Ак Шумкар” ѳзгѳчѳ белгиси, Иманалы Айдарбековдун документтеринин кѳчүрмѳлѳрү жана мамлекеттик жана партиялык ишмерлердин ѳмүр жолуна арналган китептер, документтер, о.э. Кыргыз ССРинин Конституциясы, желеги менен гербинин түп нускасы кѳрүүчүлѳрдүн назарына коюлду.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90