КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ КАРЫЛАР КҮНҮНѲ КАРАТА КАРЫЛАРГА, БАЛДАРГА, МЕНТАЛДЫК ДЕН СООЛУГУ БОЮНЧА КАМКОРДУККА МУКТАЖ ЖАРАНДАРГА МАДАНИЙ-АГАРТУУ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗДҮ
Улуттук музей “Улгайган курактагы адамдарга кѳңүл буруу жана камкордук” деген аталыштагы кайрымдуулук жана колдоо кѳрсѳтүүнүн бир айлыгынын алкагында, социалдык стационардык мекемелер менен иш алып барып, руханий-маданий туура эс алуусу үчүн экскурсияларды уюштурду.
ОБФ “Первый детский хоспис”, ПРООН, “Равенство”, Бишкек шаарынын балдар мектеп интернаты, “Үмүт үйү” менен иштешип, ата-апаларга, балдарга, менталдык ден соолугу боюнча кѳңүл бурууга муктаж жалпы 131 жаранга, Кыргызстандын жана кыргыздардын бай маданияты, кѳчмѳнчүлүк турмушу, элдин эс-тутумунда ѳчпѳс болуп калган негизги окуялары тууралуу баяндамалар жүргүзүлдү.
Музей дүйнѳсү менен таанышып, кѳп маалымат алган кѳрүүчүлѳр, соңунда музей жетекчилигине жана эмгек жамаатына терең ыраазычылыктарын билдиришти.