музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  ОРТО АЗИЯДАГЫ КОНСЕРВАТОРЛОР ҮЧҮН СЕМИНАР-ТРЕНИНГ

ОРТО АЗИЯДАГЫ КОНСЕРВАТОРЛОР ҮЧҮН СЕМИНАР-ТРЕНИНГ

2024-жылдын 1-октябрынан 11-октябрына чейин Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Чикаго университетинин Байыркы Маданияттарды Изилдөө институту (ISAC) Орто Азиядагы консерваторлор үчүн уюштурган семинар-тренинг болуп өттү.
Семинарга Өзбекстан, Таджикстан, Кыргызстан Республикасынан консерваторлор катышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинен Калыбына келтирүү жана консервация устаканасынын башчысы Момоханов Нарбек Сатылганович жана кенже илимий кызматкер Осмоналиева Айгиза Муктаркановна семинарга катышып келишти.
Семинарда Чикаго университетинен келген окутуучулар жана профессор Гил Стейн сабак беришти. 11-октябрда семинар жыйынтыкталып, Америка Кошмо Штатынын Өзбекстандагы элчиси Джонатан Хеник катышып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90