музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ УНИКАЛДУУ МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ УНИКАЛДУУ МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Мурастардын ордосу болгон тарых музейинде ѳткѳн улуттук музыкалык аспаптар: комуз, кыл-кыяк, темир ооз комузду жасаган усталардын республикалык кароо-сынагынын соңунда, алдыңкы орунду ээлеген жеңүүчүлѳрүнүн аспаптары музейдин фондусуна расмий түрдѳ ѳткѳрүлүп берилди.
Бир канча раритетке айлануучу элдик аспаптарды Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашовага, Кыргыз Республикасынын музыка ишмерлер союзунун жетекчиси, комиссиянын тѳрагасы, КР эл артисти Түгѳлбай Казаков салтанаттуу тапшырды.
Мекеме жетекчиси Жылдыз Бакашова, байгелүү орундуу багындырган Уралиев Намазбек, Рысбек Жунушов, Сооронбаев Таштанбек, Кенчинбаев Орозобай, Каленов Элдияр сындуу залкар комузчу жана жыгач чапкан чеберлердин салттуу комуздан ѳзгѳчѳлѳнгѳн, жаңыланган, 3, 4, 5 кылдуу комуздары, кыл кыяк, темир ооз комуздардын томтому музейдин уникалдуу коллекциясына жана кѳрүүчүлѳрдүн купулуна толгон экспонатына айланарын айтып, усталарга жана уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Кылым карыткан кыргыз күүлѳрүн жайылтуу, ѳнүктүрүү, чебер усталарга колдоо кѳрсѳтүүгѳ арналган иш-чара жана музей менен кызматташуу иши ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90