КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МАХМУД КАШГАРИНИН “ТҮРК ТИЛДЕРИНИН СѲЗДҮГҮНѲ” 950 ЖЫЛ ТОЛУШУНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ
Түрк дүйнѳсүнүн орток мурасы, чыгаан окумуштуу, энциклопедист, Азыркы Кыргызстандын аймагында жарык дүйнѳгѳ келген Махмуд Кашгари жана анын түрк дүйнѳсүнүн мурасы саналган эмгегинин маанилүүлүгүн даңазалаган кѳргѳзмѳ тарых музейинде ачылды.
Кѳргѳзмѳдѳ, Сѳздүктүн ички мазмунун байлыгына жана түрк элдеринин байыркы ѳнүккѳн маданияты менен цивилизациясына басым жасалды.
Иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова, КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, КР Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова, Маданият министрлигинин кызматкерлери жана музей адистери менен коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрү катышты.
Иш-чараны уюштурууда Кыргызстандын жана Түркиянын маданият министрликтери жана Түрк маданияты жана мурасы фонду, Түрк дүйнѳсү фонду чоң иш алып барды.
КР Улуттук тарых музейи да, мекеме жетекчисинин тапшырмасы менен уюштуруу жана ѳз аянтын берүү аркылуу, улуу мурасты коомчулукка жайылтууга зор салым киргизүүнү улантты.
Адамзаттын жалпы мурасына айланган эмгекти даңазалаган, түпкү тегибизди аңдоого багытталган иш-чара кѳргѳзмѳнү ачуу менен ийгиликтүү аяктады.
КР Улуттук тарых музейи, ѳз кѳрүүчүлѳрүн 15-декабрга чейин кѳргѳзмѳ менен таанышып кетүүгѳ чакырат.
Пресс-маалымат: Түркий тилдер сөз жыйнагы – Махмуд Кашгари 1072-1077 жж. жазган теңдешкис энциклопедиялык эмгек. Мында түрк элдеринин тилдериндеги 7500дөй сөз камтылып, арабчага которулган, 300гө жакын макал-лакап, 100 чамалуу ыр, этнографиялык ж. б. бай маалыматтар берилген эң эски сѳздүк.
Эмгегинде түрктүрдүн, түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, тухсилердин, кыргыздардын же жалпы эле түрк элдери тууралуу баяндалат.
Махмуд Кашгари (Барскани) өз чыгармасында жергиликтүү калктын үрп-адаттары, каада-салттары тилинин өзгөчөлүктөрү, чарбасы жана негизги кесиптери жөнүндө кеңири маалыматтарды берет.
Ал эмгегине дүйнөнүн тегерек картасын тиркеген. Уникалдуу картада Жердин борбору катары Ысык-Көл ойдуңу жана аны курчап турган Теңир-Тоо кырка тоолору көрсөтүлгөн.