музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН МУЗЕЙЛЕР ОРТОСУНДА ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН САНАРИПТИК ДОЛБООРДУН ИШ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАНА ЖАСАЛУУЧУ ИШТЕР БОЮНЧА ЖЫЙЫНГА МУЗЕЙ ДИРЕКТОРУ ЖЫЛДЫЗ БАКАШОВА ЖАНА МУЗЕЙ АДИСТЕРИ КАТЫШТЫ

КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН МУЗЕЙЛЕР ОРТОСУНДА ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН САНАРИПТИК ДОЛБООРДУН ИШ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАНА ЖАСАЛУУЧУ ИШТЕР БОЮНЧА ЖЫЙЫНГА МУЗЕЙ ДИРЕКТОРУ ЖЫЛДЫЗ БАКАШОВА ЖАНА МУЗЕЙ АДИСТЕРИ КАТЫШТЫ

Музейдин атайын залында Корея Республикасынын Азия маданиятынын борбору менен музей кызматкерлеринин “Музейлердин цифралык архивдерин жана маданияттык мазмунун түзүү программасынын” алкагында, биргеликте ишке ашырылган жумуштар жана алдыдагы пландар боюнча семинар уюштурулду.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова жетектеген музей кызматкерлери катышып, аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы тууралуу билдиришти.
Корей тараптын адистери кыргыз музейлери 14 миңден ашуун экспонаттарды электрондук каттоого алгандыгын, ар бир музейдин киргизген экспонаттарынын саны, тарткан сүрѳтү, аткарылган жумуштар тууралуу белгилеп, ал сан жакшы кѳрсѳткүч экендигин белгиледи.
Алдыда, музей предметтерин легендасы тууралуу QR-код аркылуу маалымат берүүнү иштеп чыгуу планы тургандыгын, презентациясында мисалдар менен кѳрсѳтүтүп кетти.
Бул багытта активдүү кызматташып жаткан тарых музейи, кѳрүүчүлѳргѳ санариптик маалымат берүүнү жана кызмат кѳрсѳтүүнү ырааттуу улантат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90