музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ БУУнун БАЛДАР ФОНДУНУН (ЮНИСЕФ) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ѲКҮЛҮ САММАН ТАПА КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ БУУнун БАЛДАР ФОНДУНУН (ЮНИСЕФ) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ѲКҮЛҮ САММАН ТАПА КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова, кызматташуу жана жогорку деңгээлдеги иш-чараларды тарых музейинде ѳткѳрүү максатында келген БУУнун Балдар Фондунун Кыргызстандагы ѳкүлү Самман Тапа менен жолугуп, сүйлѳшүү ѳткѳрдү.
Самман Тапа мырза, Буунун Балдар Фондунун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык Директору Регина Де Доминичис айымдын жогорку визитинин алкагында, музейде балдарга арналган кѳргѳзмѳлүү иш-чара уюштурууга кѳмѳктѳшүү ѳтүнүчүн жана кызматташуу жолдорун сунуштады.
Музей жетекчиси Жылдыз Бакашова музей регионалдык жана эл аралык коомчулук менен тыгыз жана ийгиликтүү иш алып барып жаткандыгын, о.э. ЮНИСЕФтин 30 жыл толушуна жана Кыргызстандын Балдар укугу боюнча Конвенцияга кошулгандыгына 30 жыл толушуна арналган мааракелик иш-чараны колдоорун билдирип, иш-чарага коомдун аялуу катмарына арналган инклюзия темасын кошуунун актуалдуулугун белгиледи.
Расмий мейман музей жетекчисинин сунушу абдан маанилүү экендигин, иш-чаранын программасына менталдык ден-соолук боюнча атайын тема киргизилерин убада кылып, иш-чараны алып баруу жана уюштуруу ѳтүнүчүн келтирип, колдоого ыраазычылыгын билдирди.
Балдар менен тыгыз иш алып барып жаткан эки тараптын сүйлѳшүүсү, натыйжалуу жана майнаптуу сүйлѳшүү менен жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90