музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫН БУУнун БАЛДАР ФОНДУНУН (ЮНИСЕФ) БАЛДАР УКУГУ БОЮНЧА КОНВЕНЦИЯГА КОШУЛГАНДЫГЫНА 30 ЖЫЛ ТОЛУШУНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲЛҮ ИШ-ЧАРА ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫН БУУнун БАЛДАР ФОНДУНУН (ЮНИСЕФ) БАЛДАР УКУГУ БОЮНЧА КОНВЕНЦИЯГА КОШУЛГАНДЫГЫНА 30 ЖЫЛ ТОЛУШУНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲЛҮ ИШ-ЧАРА ѲТТҮ

КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова ЮНИСЕФ менен кызматташуунун алкагында жана ѳкүлчүлүгүнүн ѳтүнүчү иш-чараны расмий ачып, алып барды.
Мекеме жетекчиси Жылдыз Бакашова, ѳз сѳзүндѳ Эгемендүү ѳлкѳ катары конвенцияга 30 жыл толушунун белгиленип жаткандыгы, ѳлкѳ башчысы Садыр Жапаровдун бул темадагы кайрылуусунун терең мааниси жана тарых музейнде ачылып жаткан кѳргѳзмѳнүн балдардын билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, үй-бүлѳлүк салттуу баалуулуктар, ж.б. ар түрдүү аспекти чагылдырган, 1930-жылдан – 2024-жылга чейинки тарыхын камтыган кѳргѳзмѳ бир ай бою кѳрүүчүлѳргѳ тартууланарын, о.э. билимдүү, күчтүү, саламаттыгы чың сүйүктүү жеткинчектер үчүн коомчулук бардыгын жасашы керектигин баса белгиледи.
Расмий чакырылган КР Президентинин Баланын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева, КР ЖКнын депутаты, Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Дж. Тапа, БУУ агенттиктеринин башчылары, ЮНИСЕФтин кызматкерлери жана окуу жайдын студенттери менен сынактын жеңүүчүлѳрү иш-чарага активдүү катышты.
Ведомстволордун сѳз сүйлѳгѳн жетекчилери, Балдар эркин жана укуктуу мамлекетте жашашы керектигин, КР Конституциясында, укуктук-ченемдик актыларда жана эл аралык декларациялар менен конвенцияларда жазылган эрежелердин аткарылышы ѳспүрүмдѳрдүн бактылуу балалыгынын кепилдиги болоорун айтышып, жасалып жаткан иштер жана ЮНИСЕФ менен 30 жыл аралыгында жүргүзүлгѳн кызматташтыктын ийгиликтерин мисалга тартышты.
Андан соң ардактуу коноктордун катышуусунда, “Кыргызстандагы балдардын тарыхый жолу” аталыштагы кѳргѳзмѳсү расмий ачылып, “Баланын укуктары – күн сайын” аттуу ѳспүрүмдѳр арасында жарыяланган дил баяндардын жеңүүчүлѳрү баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чаранын жүрүшүндѳ, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Дж. Тапа, ѳз аянтын балдар үчүн сунуштап, иш-чарага салмактуу салымын киргизген музей жетекчисине жана жамаатына ыраазычылыгын атайын билдирип кетти.
Музей 1 айга созулган, балдарга арналган маалыматка бай кѳргѳзмѳ менен таанышып кетүүгѳ кѳрүүчүлѳрүн чакырат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90