музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Кѳз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Балдардын ачык Дельфы оюндарын уюштурууда жигердүү катышкандыгы жана үзүрлүү кызматташкандыгы үчүн, Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык барагын Мэр Айбек Жунушалиев салтанаттуу жыйында, музейдин Кадрлар бѳлүмүнүн башчысы Аида Омурзаковага расмий тапшырды.
Эл аралык иш-чаралардын алкагында, КР Улуттук тарых музейинин кыргыз элинин тарыхы менен мурасын жайылтуудагы орду чоң экендигиге, коллекцияларынын байлыгына, кѳрүүчүлѳр, чет ѳлкѳлүктѳр жана мамлекеттик расмий мекемелер тарабынан жогору баа берилип келет.
Кыргыз мамлекеттүүлүктүн тарыхын толук чагылдырган Музей, 2024-жылдын 10 айында эле 100дѳн ашуун мамлекеттик жогорку расмий делегацияларды, миңдеген чет ѳлкѳлүк меймандар менен иш-чаралардын катышуучуларын тейлеп, алар менен тыгыз кызматташып, музейлердин статусунун кѳтѳрүүгѳ зор салымын кошууда.
Музей администрациясы жана эмгек жамааты, Бишкек шаарынын мэриясына жана Мэриянын маданият башкармалыгынын бул багыттагы ишин жогору баалагандыгына жана кѳрсѳтүлгѳн моралдык колдоого ыраазычылыгын билдирет.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90