КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫНЫН 90 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ МЕНЕН КУТТУКТОО
Урматтуу Улуттук китепкананын эмгек жамааты! Кымбаттуу кесиптештерим!
Сиздерди илим-билимдин булагы, маданияттын жана тарыхый эстутумдун дүйнөлүк маанидеги уникалдуу казынасы жана аң-сезимдин очогу болгон Улуттук китепканабыздын 90 жылдык мааракеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин жалпы эмгек жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!
Улуттук китепкана узак тарыхый жолду басып өттү. Китепкана өзүнүн өсүү этаптарында улуттук интеллектуалдык жана дүйнөлүк мурастарды жайылтууга мүмкүндүк берди, улуттук илим-билимди, маданиятты сактоого жана өркүндөтүүгө, республиканын калкынын көп муундарынын акыл-оюнун, илимий жана билим берүүчүлүк потенциалынын өсүүсүнө баа жеткис салым кошту, Кыргызстандын интеллигенциясынын көп муундары үчүн экинчи университет болду, миңдеген студенттерге, изилдөөчүлөргө жана окумуштууларга билимдин дүйнөсүн, илимий ачылыштарды ачты. Ушунусу менен Кыргызстандын илимий, экономикалык өнүгүшүнө, мамлекетибиздин азыркы социалдык экономикалык жогорку деңгээлине Улуттук китепканабыздын кошкон салымы чоң.
Улуттук китепканабыздын мааракеси маданий, агартуу жаатындагылардын гана эмес, жалпы өлкөбүздүн тарыхындагы, маданий коомдук турмушундагы олуттуу окуялардан болуп саналат.
Өлкөбүздүн башкы китепканасы учурда алдыңкы технологиялык жабдуулар менен камсыз болгон, санариптештирилген, дүйнөдөгү даңазалуу көпчүлүк китепканалар, илимий-агартуучу мекемелер жана эл аралык долбоорлор менен тыгыз байланышта иштеп, элдердин достугун, маданий кызматташтыктарын, гуманитардык байланыштарын өнүктүрүп, бекемдеп жаткан, Борбордук Азиядагы гана эмес, КМШнын аймагындагы эң абройлуу мекеме болуп саналат. Китепканада өз иштерин мыкты билген жана өз милдеттерин аткарууга жүрөк оттору менен берилген чыныгы кесипкөй адистер иштешүүдө.
Мына ушундай касиеттүү, дөөлөттүү жерде, мыкты кесипкөйлөрдүн арасында мен он беш жыл жетекчи болуп иштеп, Улуттук китепканабыздын ишин илгерилетип, абройун арттырууга өз салымымды кошконума чексиз сыймыктанамын. Ал мезгил менин өмүрүмдөгү эң жаркын учурлардан болуп кала берет. Мен жетекчилик кылган жылдарда 40тан ашуун эл аралык долбоорлорду, 15 миңден ашык дүйнөлүк адабияттын, маданияттын мыкты өкүлдөрүнө арналган конференцияларды, көргөзмөлөрдү, китепканачылардын форумдарын, китептердин бет ачарларын ж.б. иш чараларды өткөрүп туруу салтка айланып калганын, азыр да ал иштер ургаалдуу уланып жатканын өзгөчө белгилегим келет. Мага дайыма “жеңилин-жерден, оорун-колдон алып” дегендей, тилектеш, ниеттеш жана максатташ болуп, кеп-кеңешиңиздерди айтып, жардамыңыздарды көрсөтүп, Улуттук китепканабыздын ишин жакшыртканга салымыңыздарды кошконуңуздар үчүн кесиптештеримдин ар бирине чексиз ыраазычылыгымды билдиремин!
Кымбаттуу кесиптештерим!
Мезгил тынбай өзгөрүп, жаңы парадигмалар, чакырыктар, милдеттер жаралууда. Ал Улуттук китепканабыздын кызматкерлеринен да жаңыча чыгармачылыкта чымыркана иштөөнү, тынбай изденүүнү талап кылууда. Андай талаптарга сиздер дайыма татыктуу болуп келгенсиздер жана мындан ары да татыктуу боло берээриңиздерге ишенемин.
Сиздерди дагы бир жолу даңазалуу маараке менен куттуктап, жалпы эмгек жамаатка бекем ынтымак, ар бириниздерге чың ден соолук, кажыбас жигер кайрат, динамикалуу мезгилдеги байсалдуу ишиңиздерде албан-албан ийгиликтер көп болуп, бактылуу байгер турмушта, узак өмүр сүрүүңүздөрдү каалаймын!
Улуттук китепканабыз кылымдарга акыл-ой казынасынын, илим-билимдин желегин бийик көтөрө берсин!
Ылайым асманыбыз ачык, эртеңибиз жарык болсун!
Терең урматым жана сыймыктануу менен,
Жылдыз Бакашова
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, ф.и.д., КР Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү, 2005-2021-жылдардагы Улуттук китепкананын директору