КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ БОРБОР АЗИЯ МУЗЕЙЛЕРИНИН КЕⱧЕШИНИН МҮЧѲЛѲРҮНҮН ЖЫЙЫНЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Борбор Азиядагы улуттук музейлердин жетекчилеринин Кеңешинин III жогорку деңгээлдеги жолугушуусу уланып, орчунду маселелерди чечүү, ѳзгѳртүү толуктоо тууралуу кеңири спектрдеги чечимдери каралды.
Жолугушууда, тажрыйбалуу жетекчилер Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова, Ѳзбекстан Республикасынын тарых музейинин директору, илимдин доктору Жанат Исмаилова, Казакстан Республикасынын Улуттук музейинин директору, илимдин кандидаты Абдыгалиулы Берик ж.б. жетекчи кызматтагы тажрыйбалуу мүчѳлѳрү жана Кыргызстандын музей жетекчилери тарабынан негиздүү сунуштар берилди.
Түз талкуунун жүрүшүндѳ, Кеңештин статусу, курамы жана ишмердүүлүгү тууралуу конкреттүү сунуштар киргизилип, менчигинин ар түрдүүлүгүнѳ карабастан аймактык бардык музейлердин толук кандуу мүчѳлүккѳ кирүү укугу жактырылды, Кеңештин ишин башкаруу жана координациялоо кандай ишке ашырылаары, жыл сайын китеп, илимий публикациялардын альманахын жана электрондук журнал чыгаруу, ж.б. долбоорлорду кеңешип ишке ашыруу боюнча Жобого ѳзгѳртүү жана толуктоо Мүчѳлѳрүнүн бир добуштан макулдугу менен кабыл алынды.
Иш-чаранын жүрүшүндѳ, Кеңештин ишине зор салым кошкон Мүчѳлѳрүнѳ жана катышуучуларына ыраазычылык сертификаттар музейдин атынан тапшырылды.
Программанын кезектеги бѳлүгүндѳ, тарых музейинин кызматкери Назгүл Белекованын “Музей терминдеринин түшүндүрмѳ сѳздүгү” китебинин презентациясы кѳрсѳтүлдү.
Мекеменин атынан сѳз сүйлѳгѳн музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова сѳздүктү чыгарууга зор салым кошкон музейдин тажрыйбалуу кызматкерлерине, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиевге, терминология борборунун жетекчилигине, комиссиянын курамындагы окумуштууларга жана катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Борбор Азия мамлекеттеринин маданий ынтымагын бекемдегин жана музейлер ортосундагы кызматташтык ишин тереңдеткен Жолугушуу, жыйынтыктоочу документке расмий кол коюу менен жыйынтыкталды.
