КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ БОРБОР АЗИЯ МУЗЕЙЛЕРИНИН КЕⱧЕШИНИН МҮЧѲЛѲРҮНҮН ЖОЛУШУШУУСУ ИШИН БАШТАДЫ
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде, маданий кызматташтыкка негиз салган Борбор Азиядагы улуттук музейлердин жетекчилеринин Кеңешинин III жогорку деңгээлдеги жолугушуусу ишин баштады.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова ачып жана алып барды.
Мекеме жетекчиси ѳз сѳзүндѳ, 3 жыл мурун башталган байланыштын жемиши катары Кеңештин толук кандуу институтка айланып, илим-билим, маданият аркылуу гуманитардык кѳпүрѳ түзүлгѳндүгүн белгиледи.
О.э. Кыргызстандын борборунда жайгашкан маданий-интеллектуалдык аянтчадагы мазмунду дискуссия аркылуу, санариптик доордо Борбор Азиянин музейлеринин электрондук базасын түзүү, жаңы форматта иш алып баруу, маданий баалуулуктарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы бирге туруу, кѳргѳзмѳлѳр, тажрыйба алмашуулар ж.б. мезгил талабындагы олуттуу иштерди илгерилетүү биргеликте гана мүмкүн экендигин билдирди.
Мамлекеттик расмий мекеменин атынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев катышып, ѳлкѳлѳр ортосундагы маданий байланышты тереңдеткен ийгиликтүү кадамды министрлик кубаттарын билдирди.
Жолугушууга катышкан жана колдоого алган АКШ Элчиси Лесли Вигери жана Маданий мурастарды сактоо боюнча Чикаго борборунун профессору Гил Дж. Стайн, ааламдашуу процессинде, дүйнѳдѳгү бардык маданий мурастарды сактоо гана эмес, аны жүгүртүүдѳгү иш кагаздарын бир стандартка жана системада киргизүү, о.э. бир чѳлкѳмдѳгү тектеш маданияттарды сактап калуунун орток жолун табуу, алдыда Кеңештин ишин күчтѳндүрүү, ж.б. музей ишмердүүлүгүнүн күн тартибиндеги маанилүү аспектилери боюнча чымыркануу менен иш алып баруу керектигин билдиришти.
Атайын доклад окуп жана презентация жасашкан Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Солтонгельдиева Сабира жана ИКОМдун КР жооптуу ѳкүлү Аида Алымовалар музей жана маданият тармагындагы олуттуу жасалып жаткан жана алдыда аткарылуучу иштер тууралуу кеңири баяндама кылышты.
Докладчылар тарых музейинде сакталып турган Ж. Абдрахмаовдун “Күндѳлүгү” дүйнѳлүк мурастардын тизмесине сунушталып, чон иштер жүрүп жатканын, Кыргызстандын жалпы 15 маданий элементи адамзаттын репрезентативдик мурастарынын тизмесине киргендигин, дүйнѳдѳ 104 миң музейлер коомго маданий-агартуу ишин жүргүзүп жаткандыгын, Кеңештин чѳлкѳмдүк жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыгынын кеңейиши керектигин айтып ѳтүштү.
Борбор Азия менен Кыргызстандын ири музейлеринин жетекчилеринин жана мамлекеттик жана эл аралык мекемелердин расмий ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда жана диалогунда уланган ич-чаранын биринчи ачылыш күнү, динамикалуу жүрүп, талкуу, жамааттык сүрѳткѳ түшүү, музей экспозициясына саякат кылуу жана сый эс алуу менен ийгиликтүү жыйынтыкталды.
