КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ БАКУ ШААРЫНДА ѲТКѲН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШЫП КЕЛДИ
Азербайжан Республикасынын Баку шаарында 2-6-декабрь күндөрү өткөрүлгөн “Ресурсы и культура. Охота археологии до новой технологии” аталыштагы эл аралык конференциясына, Азербайжан, Россия, Беларусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан Республикаларынан музей жана окуу жайларынын окумуштуулары катышышты.
Конференция чет элдик окумуштуулардын баяндамалары окулуп, илимий-тажрыйбалык маселелер талкууланды.
Кыргызстандын атынан музей кызматкери, тарых илимин кандидаты, Жаңы тарых мезгили боюнча секторунун башчысы Назира Момунбаева катышып, 19-20-кылымдагы кыргыздардын тарыхы боюнча презентация жасады.
Конференциянын катышуучуларына атайын маданий программанын алкагында, Улуттук музейге, эски шаардагы “Кыз калесине”, Гобустан Улуттук музей коругуна саякат уюштурулду.
Баку шаарында ѳткѳн эл аралык конференция, КР УТМнын эл аралык илимий-маданий байланышын кеңейткен, музей адисинин иш тажрыйбасын арттырган маанилүү жана натыйжалуу сапарларынын бири болду.
