музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КАМИС ПРОГРАММАСЫНЫН ФУНКЦИЯЛАРЫН КЕⱧЕЙТҮҮ ЖАНА ѲРКҮНДѲТҮҮ СЕМИНАРЫ ѲТҮҮДѲ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КАМИС ПРОГРАММАСЫНЫН ФУНКЦИЯЛАРЫН КЕⱧЕЙТҮҮ ЖАНА ѲРКҮНДѲТҮҮ СЕМИНАРЫ ѲТҮҮДѲ

КР Улуттук тарых музейинде КАМИС Программасын киргизүүнү тездетүү жана музей предметтерин кѳзѳмѳлдѳѳ, эсепке алууну камсыздоо жана музей коллекцияларын Интернет тармагына публикациялоо боюнча семинар ѳттү.
Семинардын ачылыш церемониясында музей директору, КР УИАнын корроспондент-мүчѳсү, филология илиминин доктору, профессор Жылдыз Бакашова алгач сѳз сүйлѳп, КАМИС мезгилдин талабы катары санариптешүүнүн, сактоонун, музей коллекцияларын таануутунун жана кѳрүүчүлѳрдү мобилдүү ыкчам тейлѳѳнүн эң эффективдүү каражаты экендигин, о.э. кызматташуу үзүрүн берип, жабдуулар коюлуп, программалар иштелип, тесттик сынакка даяр болгон эң ийгиликтүү долбоорлордун бири экендигин айтып ѳттү.
КР Санариптик ѳнүктүрүү минситрлигинин Ѳкүлү, РФнын “КАМИС” ОООсунун директору Лошак Юрий Маркович семинардын темалары, программа жана эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы жана алдыдагы жасалуучу иштери тууралуу түшүндүрдү.
Семинар музейдин тийиштүү кызматкерлери үчүн продуктивдүү болуп, КАМИСтин “Онлайн коллекция”. “Мобилдик гид”. “Музей предметтерин маркировкалоо”. “Мобилдик текшерүү” модулдарын иштеп чыгуу жана колдонуу жолдору менен таанышышты.
Иш-чара КАМИС модулдарынын жыйынтыгы жана натыйжаларын талкуулоо менен ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90