музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ ЖАⱧЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫН ЖАНА КАЙРЫМДУУЛУК ИШ-ЧАРАСЫН ѲТКѲРДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ ЖАⱧЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫН ЖАНА КАЙРЫМДУУЛУК ИШ-ЧАРАСЫН ѲТКѲРДҮ

КРнын Улуттук тарых музейинде “Сыйкырдуу майрам:дүйнѳ элдеринин жаңы жылдык салттык ѳзгѳчѳлүктѳрү” аттуу жаңы жылдык салтка айланган кѳргѳзмѳлүү иш-чарасы, Бишкектеги акредиттелген элчиликтердин, ОБСЕ, ЮНИСЕФ эл аралык уюмдарынын колдоосунда жана мүмкүнчүлүгү чектелген, камкордукка муктаж балдар менен карылар үйлѳрүнүн катышуусунда ѳттү.
Иш-чараны музей директору, профессор Жылдыз Бакашова ачып, музей 2022-жылдан тарта, 3 жылдан бери жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын жана Бишкектеги акредиттелген Элчиликтердин колдоосунда кайрымдуулук ишин жигердүү жайылтып жана уюштуруп келе жаткандыгын белгиледи.
Балаты майрамына активдүү катышып келе жаткан КР Президентинин балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Казакстандын Элчиси Рапиль Жошыбаев, Венгриянын Элчиси Шандор Дороги, Франция элчиси Николя Фай, КЭРдин Убактылуу ишенимдүү ѳкүлү Ли Баоцзе, Япониянын Убактылуу ишенимдүү ѳкүлү Окава Соичиро ж.б. ѳлкѳлѳрдүн элчиликтеринин ѳкүлдѳрү, ѳз сѳздѳрүндѳ тарых музейи демилгеси менен дүйнѳ элдеринин маданиятын тааныткан, кайрымдуулукка үндѳгѳн балатынын маанилүүлүгүн белгилеп ѳтүштү
КБ “Гульсум”, ККФ “Уккум келет”, КФ “Бала нур”, БФ “Жашоого аракет”, КФ “Детство без диабета”, Сокулуктагы реабилитациялоо борбору, «Келечек» майыптыгы бар балдардын реабилитациялык борбору, Тѳмѳнкү Серафимовкадагы Батыш Салиева ысымындагы жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык-стационардык мекемеси, Красноречка атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеби, “Ихлас”Эл аралык мектеби” атайын мекемелеринин жана аймактардагы камкордукка муктаж бардыгы 200 адамына балатыга катышты.
Жаңы жылдык иш-чарада мамлекеттердин кооз жана кѳркѳм, сырдуу жана сыйкырдуу жаңы жылдык балаты кѳргѳзмѳсү кѳрсѳтүлүп, концерттик программа тартууланып, жомок китептери, таттуулар, белектер тартууланып, музей экспозициясына экскурсия жүргүзүлүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90