КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ѲЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ МИНИСТРИ КЕЛДИ
КР Улуттук тарых музейине, Кыргызстандагы маданий иш-сапарынын алкагында Ѳзбекстан Республикасынын Маданият министри Озодбек Назарбеков кыргыз кесиптештери КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бакыт Секимовдун жана маданият ишмери Кайрат Иманалиевдин коштоосунда келип, кыргыз тарыхы менен таанышты.
Расмий мейманды, мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, музей ишмердүүлүү тууралуу кыска маалымат берди.
Атайын кыргыз элинин тарыхы, маданияты менен таанышууга келген мейманга, тарыхый инсандардын ишмердүүлүгү, ѳлкѳнүн маанилүү окуялары тууралуу уникалдуу коллекциялар аркылуу илимий кызматкер тарабынан маалымат берилди.
Расмий даражалуу меймандар, соңунда жылуу кабыл алууга жана жүргүзүлгѳн экскурсияга ыраазычылыгын билдиришти.
