КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КАНИКУЛДУК ЭС АЛУУСУН ТУУРА УЮШТУРУУНУ КААЛАГАН ЖАРАНДАР КѲРҮҮГѲ КЕЛҮҮДѲ
Жаңы жылдык эс алууда руханий күч-кубат алуу жана тарыхый мурастарыбызга саякат кылуу үчүн кѳптѳгѳн экскурсанттар келип, баяндамачылардын коштоосунда жана ѳз алдынча кѳрүшүүдѳ.
Кыргызстандын эң кѳрүнүктүү тарыхый жайы – музейде эс алуучулар үчүн кызыктуу кѳргѳзмѳлѳр тартууланып, жергиликтүү жана дүйнѳлүк салттар, баалуулуктар тууралуу маалыматтар берилүүдѳ.
Кыргыз тарыхынын байыркы мезгилден берки уникалдуу коллекциялары, мамлекеттүүлүктүн негизин түзгѳн окуялар боюнча кызыккан билимдүү аудиторияга экскурсоводдор агартуу иштерин ырааттуу жүргүзүштү.
Ѳлкѳнүн Башкы музейи, экспозициясы аркылуу коомго кызматын кѳрсѳтүп, негизги миссиясын аткарууда.
