КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ АЧЫК ЖАНА ЖАБЫК САКТОО ЖАЙЛАРЫ БОЮНЧА ИНСТРУКТАЖ ѲТҮЛДҮ
Музейдин экспозиция жана фонду жайларынын коопсуздугун камсыздоо багытында кирип чыгуу үчүн пульттарды колдонуу боюнча окуу тийиштүү кызматкерлерге ѳтүлдү.
КР ИИМинин Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Күзѳт кызматынын адистери музейдин жана баалуу экспонаттар сакталган жайлардын коопсуздугу, сакталышы боюнча пультка кабыл алуу жана ѳткѳрүп берүүнүн тийиштүү эрежелери тууралуу түшүндүрүштү.
Инструкция боюнча суроо-жооптор берилип, кулпу ачкычтарын колдонуу, мѳѳр басуу, күзѳт кызматына тапшыруу, сигнал белгилери, ж.б. пайдалуу кошумча кеңештер берилди.
Музей менен Күзѳт кызматынын биргелешкен иш-аракеттери, атайын жайлардын баалуу коллекцияларынын коопсуздугунун негизги кепилдиги, ички тартип эрежелери ар түрдүү түз жана кыйыр факторлордон коргоонун зарыл шарты экендиги тууралуу маалымат менен ийгиликтүү жыйынтыкталды.
