КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ НОВОСИБИРСК ШААРЫНЫН РИАнын СИБИР БѲЛҮМҮНҮН ПРОФЕССОРУ, ФИЛОЛОГИЯ ИЛИМИНИН ДОКТОРУ НАТАЛЬЯ РЕДКИНА КЕЛДИ
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи жана окуу жайлардын китепканалары менен болгон илимий кызматташтыктын алкагында, кыргыз элинин уникалдуу артефактары, Түштүк Сибирден Борбордук Азияга чейин тараган байыркы маданияттар менен жакындан таанышуу үчүн атайын музейге саякат жасады.
Окумуштуу Наталья Редкина жана илимий китепкананын директору Нурила Давлетяровага археологиялык-этнографиялык коллекциялардан тарта, кыргыз элинин бай тарыхын камтыган чыгармалар, жазуучулардын эмгектери, илимий изилдѳѳлѳр тууралуу илимий кызматкер кеңири маалымат берди.
Соңунда, жылуу кабыл алып, Кыргызстандын Башкы музейинде руханий эс алууга жана кыргыз элинин кулк-мүнѳзү, бай тарыхы тууралуу маалымат топтоого мүмкүндүк берген мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашовага жана эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирди.
