музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МУЗЕЙ ЖАНА КИТЕПКАНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ТАРМАКТЫК ЖОЛУГУШУУ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МУЗЕЙ ЖАНА КИТЕПКАНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ТАРМАКТЫК ЖОЛУГУШУУ ѲТТҮ

Тарых музейинин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясынын алкагында, министр Алтынбек Максутов музей жана китепкана мекемелеринин жетекчилери менен тармактык жолугушуу ѳткѳрдү.
Жолугушууда интеллектуалдык борборлор катары коомчулуктун кѳңүл чордонунда турган жайлардын перспективалык жана стратегиялык пландары, кадр маселеси, каржы-чарбалык иштери, тейлѳѳ сервиси боюнча кеңири пикир алышты.
Музейлердин кѳрүүчүлѳрдү жана туристтерди тейлѳѳ потенциалы ѳтѳ жогору экендиги, ири киреше алып келүү мүмкүндүктѳрүн баса айтылып, министрлик тараптан бардык укуктук жана материалдык-техникалык колдоолор кѳрсѳтүлѳрү, мамлекет маданият тармагына кѳңүл буруп, масштабдуу долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгы белгиленди.
Маданий мекемелердин ички жана тышкы мүмкүнчүлүктѳрүн, резервдерин максималдуу колдонуу күн тартибиндеги негизги приоритет болушу керектиги жолугушуда билдирилди.
Музейде ѳткѳн жолугушуу иш-чарасында орчунду суроо-жооптор берилип, талкуу менен аяктады.
Андан соң, мекемелердин тийиштүү адистерин “Жаңы борборлоштурулган бухгалтердик эсеп тутуму” боюнча окутуу ѳтүп, иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90