музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ СЛОВАКИЯНЫН ЭЛЧИСИ РОБЕРТ КИРНАГ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ СЛОВАКИЯНЫН ЭЛЧИСИ РОБЕРТ КИРНАГ КЕЛДИ

Словакия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Роберт Кирнагды КР УТМнын жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алды.
Алгач музей директору, 1925-жылдан башталган кыргыз-словак тарыхый алакасынын 100 жылга созулган достук мамилеси, эки элдин кызматташтыгынын башатын чагылдырган музейдеги кѳргѳзмѳлүү иш-чаралар тууралуу расмий мейман менен пикир алышты.
Андан соң, атайын советтик боордош кыргыз элине маданий-экономикалык жактан жардам кѳрсѳтүү үчүн келген, 1923-жылы Словакиянын Жилин шаарында түзүлгѳн “Интергельпо” уюмунун ишмердүүлүк тарыхын чагылдырган кѳргѳзмѳнү чогуу кѳрүп чыгышты.
1925-жылы Кыргызстанга келип, “индустриялаштыруу”, “коллективдештирүү” жана “маданий революцияны” ишке ашырууга ѳлчѳѳсүз салым кошкон 14 улуттун ѳкүлдѳрүнѳн турган интергельпочулардын фотодокументалдык жана буюм материалдары кѳрсѳтүлүп, кыргыз тарыхында ысымдары таанымал болгон “Интергельпо” кооперативинин жетекчиси Рудольф Маречек, атактуу чех журналисти Юлиус Фучик жана башка Фр. Гулиш, К. Модель, В. Шоуш, А. Голан сындуу инсандар тууралуу кызыктуу маалымат илимий кызматкерлер тарабынан берилди.
1927-жылы салынган алгачкы Ѳкмѳт үйү – азыркы маданият министрлигинин имараты да интергельпочулар тарабынан курулгандыгы, меймандын кѳңүлүн ѳзүнѳ ѳзгѳчѳ бурду.
Маданий кызматташтыкка кызыкдар расмий даражалуу мейман, соңунда жылуу кабыл алган мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашовага жана жүргүзүлгѳн экскурсияга ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90