музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРКИЯ УЛУУ УЛУТТУК ЖЫЙЫНЫНЫН ПАРЛАМЕНТ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРКИЯ УЛУУ УЛУТТУК ЖЫЙЫНЫНЫН ПАРЛАМЕНТ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ.

КР УТМнын директору, профессор Жылдыз Бакашова Кыргызстан-Түркия кызматташтыгын бекемдѳѳ максатындагы иш сапарынын алкагында келген Түркия Улуу Улуттук жыйынынын “Кыргызстан-Түркия” парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси Юсуф Бейазыт жетектеген депутаттардын делегация тобун жана Түркия менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси, депутат Алишер Козуев баштаган депутаттарды тосуп алды.
Кыргыз мамлекетинин Башкы музейине зыярат кылууга келген делегация тобуна, Борбордук Азиядагы кыргыз жана түрк элдеринин кагандыктарынын кѳрүнүктүү маданий мурастары боюнча экскурсия жасалды.
Алтайдан – Кытайдын түндүгүнѳ чейинки аралыкта таркаган балбалдардын Кыргызстандан эле 800дѳн ашууну табылганы, 8-кылымдагы ат жабдыктар, куралдар, таш бетине чегилген башкаруучунун сүрѳттѳрү сындуу тематикаларга ѳзгѳчѳ кѳңүл бурушту.
Чыгыштын ренассансы же түрк элдеринин алтын доору саналган карахандар мезгилиндеги Махмуд Кашгари жана Жусуп Баласагын бабаларыбыздын адамзаттын түбѳлүктү идеалары жана түрк элдери тууралуу калтырган осуят эмгектери, кыргыздардын руханий-материалдык маданияты, кыргыз-түрк боордоштугу комплекстерин кызыгуу менен кѳрүп чыгышты.
Кѳргѳзмѳнүн соңунда, маданий программага шарт түзгѳн музей директору Жылдыз Бакашовага жана Улуттук тарых музейинин жамаатына ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90