музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН БѲЛҮМ БАШЧЫЛАРЫНА Е-КЫЗМАТ ЖАНА СЭД БОЮНЧА ОКУУ ѲТКѲРҮЛДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН БѲЛҮМ БАШЧЫЛАРЫНА Е-КЫЗМАТ ЖАНА СЭД БОЮНЧА ОКУУ ѲТКѲРҮЛДҮ

Тарых музейинин санариптик тейлѳѳ кызматын жакшыртуу жана ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында, документтерди электрондук форматта жүргүзүү боюнча окуу музейдин администрациясынын демилгеси менен уюштурулду.
Инфокомдун иш билги адиси ички жана мекемелер аралык иш кагаздарын – расмий каттарды, ж.б. документтерди колдонуунун жолдорун кѳрсѳтмѳлүү формада түшүндүрүп берди.
Убакытты жана каражатты үнѳмдѳѳгѳ, ыкчам тейлѳѳгѳ, бѳлүмдѳрдүн ишинин жыйынтыгын анализдѳѳгѳ ыңгайлуу болгон Е-кызматы жана СЭД боюнча кызматкерлер пайдалуу маалымат ала алышты.
Тарых музейинин илимий-фондулук иштеринин, документ жүргүзүүсүнүн санариптик системага ырааттуу ѳтүп жатышы, мекеменин коомдогу ролунун жана абройунун ѳсүшүнѳ күчтүү түрткү берип, КАМИС, KCRMS ORG маданий ресурстарды башкаруу системасынын программаларын орнотуу жана ишке киргизүү аркасында жыйынтыгын кѳрсѳтүүдѳ.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90