музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КОРЕЯ ѲЛКѲСҮНҮН МААЛЫМАТ ТАРМАГЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КОРЕЯ ѲЛКѲСҮНҮН МААЛЫМАТ ТАРМАГЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КР УТМнын директору, профессор Жылдыз Бакашова Кыргызстандын Улуттук телеберүү корпорациясы менен радио тармагы боюнча кызматташууга келген Корея радиосунун ассоциациясынын (RAPA) адис ѳкүлдѳрүн тосуп алып, кыргыз тарыхы менен таанышуу ишине ийгилик каалады.
Атайын эки тараптуу долбоорлорду колдоо иретинде келген меймандарга, байыркы доордон – Эгемендүү Кыргыз Республикасынын азыркы мезгилине чейинки тарыхы тууралуу экскурсия жүргүзүлдү.
Кыргыздардын маалымат тармагындагы тарыхы, алгачкы гезит-журналдар, билим берүү, маданият боюнча бѳлүмдѳргѳ ѳзгѳчѳ токтолушту.
Кѳргѳзмѳнүн соңунда, музей дүйнѳсүнѳ саякаттоого уруксаат берген музей директору Жылдыз Бакашовага жана Улуттук тарых музейинин жамаатына меймандар жана КР УТР корпорациясынын уюштуруучулары терең ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90