КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ САУД АРАБИЯ ПАДЫШАЧЫЛЫГЫНЫН ТҮЗҮЛГѲН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Салтанаттуу иш-чараны Сауд Арабия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради мырза ачып, байыркы жана бай гүлдѳгѳн мамлекеттин түзүлүүсү жана элинин иденттүүлүгүнѳ жетишине жүздѳгѳн жыл толушунун мааниси терең экендиги тууралуу айтып, расмий меймандарды жана бир тууган элдерди маданияты жана тарыхы менен жакындан таанышып чыгууга чакырды.
Иш-чарага бир канча ѳлкѳлѳрдүн Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилери, дипломаттар, КР Улуттук тарых музейинин директору, Университеттердин ректорлору менен жетекчилери жана студенттер катышты.
Урматтуу элчи мырза, ѳз сѳзүндѳ кѳргѳзмѳлүү иш-чараны колдоого алып, маданий аянтчасын сунуштаган жана уюштурууга кѳмѳктѳшкѳн КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашовага элчиликтин атынан терең ыраазычылыгын билдирди.
Андан соң, Сауд Арабия ѳлкѳсүнүн тарыхы сүрѳт кѳргѳзмѳсү, улуттук салттуу кийимдери менен буюмдары кѳрүүчүлѳргѳ тартууланып, араб каллиграфиясында жазуу үйрѳтүлүп, улуттук ашканасынын даамдары татылып, кыска метраждуу фильм тартууланды.
Музейде ѳткѳн иш-чара расмий чакырылган коноктор тарабынан жакшы кабыл алынып, кѳчмѳн, ислам жана заманбап ѳнүүгүдѳгү мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы бекем ѳлкѳгѳ ийгиликтер кааланды.
Улуттук музей кѳрѳрмандарын, Кыргызстанда ийгиликтүү дипломатиялык миссиясын жүргүзүп жаткан, Чыгыштын бир тууган мамлекетинин ѳзүнѳ таандык улуттук колоритин, салтын жана тарыхын чагылдырган кѳргѳзмѳсү менен 20-23-февраль күндѳрү таанышып кетүүгѳ чакырат.
