музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ БРЕСТ ЧЕБИНЕН ЖАНА ДУБОСЕКОВ ЖОЛУНУН КЕСИЛИШИНЕН АЛЫНГАН КАПСУЛАЛАР САЛТАНАТТУУ ТАПШЫРЫЛДЫ.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ БРЕСТ ЧЕБИНЕН ЖАНА ДУБОСЕКОВ ЖОЛУНУН КЕСИЛИШИНЕН АЛЫНГАН КАПСУЛАЛАР САЛТАНАТТУУ ТАПШЫРЫЛДЫ.

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Беларуссия, Россия Федерациясы жана Кыргызстандын ардагерлер уюму тарабынан берилген, Брест чебинен, Дубосеков жолунун кесилишинен алынып келинген капсулалар салтанаттуу түрдѳ тарых музейинин фондуна тапшырылды.
Ыйык жерлерден келген капсулаларды жана сертификаттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова ѳткѳрүп алып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чарага КР Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Сергей Молунов, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов, “Согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгектенген ардагерлердин” коомдук бирикмесинин кеңешинин төрагасы Токтогул Какчекеев, согуштун жана эмгектин ардагерлери, маданият ѳкүлдѳрү, КР Куралдуу күчтѳрүнүн ар кыл курамдык бѳлүктѳрү, студенттер жана окуучулар катышты.
Сѳз сүйлѳгѳн жогорку ведомство жетекчилери, элчилер, ардагерлердин ѳкүлү Улуу Жеңиштин трагедиясы, сабагы жана келечеги, о.э. Советтик жана Кыргызстандык жоокерлердин Бресттеги, Дубосековдогу эрдиги, кыргыз элинин согушта жана оорукта майданга кошкон зор салымдары, тарыхый күн тууралуу эскерүүлѳрүн жана куттуктоолорун каалашты.
Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин аткаруу менен башталып, оркестрдин музыкасы, концерттик программа, театрлаштырылган согуштук сцена, майдан темасын тасмада чагылдырып берүү менен ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Брест чебинен, Дубосеков жолунун кесилишинен жана Хатын жеринен алынып келинген топурак салынган кутулар тарыхтын күбѳсү катары музейдин баалуу буюмуна айланып, кѳрүүчүлѳргѳ кѳрсѳтүлүп, ѳткѳндѳн сабак алып, келечекке кадам жасоого үндѳйт.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90