МУЗЕЙДИН ТАРЫХЫ
Музей 1925-жылдын 9-декабрында негизделген.
Биринчи көрүүчүлөрүн 1927-жылдын 5-мартында кабыл алган. Өз ишмердүүлүгүндө музей атын бир нече жолу өзгөрткөн.
1925-1933-жж.
1925-1933-жж.
Негизделиши
Экспозиция Кыргызстан Советтеринин 1-Уюштуруу съездинин ишин баштоого карата даярдалып, М.В. Фрунзенин ата-энесинин үйүнүн бөлмөлөрүнүн биринде ачылган. Музейдин түзүлүшү, тоолуу аймактын тарыхын жана жаратылышын системалуу түрдө изилдөөнүн, жер-жерлерде чөлкөмдүн тарыхын кеңири жайылтуунун башталышына өбөлгө болгон. Музейдин биринчи директору, этнография бөлүмүнүн негиздөөчүсү, белгилүү окумуштуу-этнограф С.М. Абрамзон болгон. 20-30-жылдары этнографиялык жана табигый-илимий коллекцияларды топтоого өзгөчө көңүл бурулган. Тарыхый-археологиялык бөлүмдүн түзүлүшү ленинграддык археолог А.Н. Бернштамдын ысымы менен байланыштуу.1933-1943 ||| 1943-1954
1933-1943 ||| 1943-1954
Аталыштарынын тарыхы
1925-1933-жж. – Кыргызстандын Борбордук музейи; 1933-1943-жж.– Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи; 1943-1954-жж. – Улуттук маданият музейи; 1954-жылы Мамлекеттик тарых музейи болуп өзгөртүлгөн; 2021-жылы музейге “улуттук” макам берилип, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи болуп кайра түзүлгөн; 1941-жылы Кыргызстандын биздин заманга чейинки II миң жылдыктан XX к. башына чейинки тарыхы боюнча биринчи илимий экспозиция ачылган. 1947-жылдан тартып социалисттик курулуш бөлүмү өз ишин баштаган. Анын экспозициясынын пайдубалы 1940-1950-жылдардагы музей кызматкерлери, белгилүү тарыхчы-окумуштуулар: С.К.Керимбаев, К.Ү.Үсөнбаев, К.И.Антипина, В.Я.Галицкий тарабынан түптөлгөн. 1967-жылы Тарых музейи, архитектор А.П.Зенковдун долбоору менен 1927-жылы Республиканын Өкмөтүнө курулган имаратка көчүрүлгөн. Музей республикадагы ири илимий, маданий жана методикалык борборго айланган. 1991-жылы Борбордук Ленин музейинин филиалынын имараты Тарых музейине өткөрүлүп берилген.2016-2021-жж.
2016-2021-жж.