музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 32 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 32 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

Кыргызстандын Кѳз карандысыздыгынын 32 жыл толушуна карата түзүлгѳн фотокѳргѳзмѳ музей кѳрѳрмандарына тартууланууда.

КР Президенти С.Н.Жапаров тарабынан демилгеленип, ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттин ички-тышкы саясатын, социалдык-экономикалык реформаларды, маданий-руханий жетишкендиктерди, жасалып жаткан иштерди чагылдырган кѳргѳзмѳ менен кѳрүүчүлѳр таанышуусу уланууда.

Улуттук музейдин жетекчиси Жылдыз Бакашова кѳргѳзмѳнүн ачылышында Эгемендүүлүк жылдарында биздин өлкө мамлекетти түзүүнүн татаал баскычтарын ийгиликтүү жеңгендигин, эми ар бирибиздин милдетибиз – өлкөдө тынчтыкты жана бейпилдикти сактоо жана Мекенибиздин өнүгүүсү менен туруктуу өсүшүнө колдоо көрсөтүү үчүн болгон күч-аракетти жумшоо экендигин белгиледи.

Кыргызстанда “Барселона” клубунун Борбор Азиядагы биринчи академиясынын ачылышына келген легендарлуу Барселона клубунун футболчулары Улуттук тарых музейине келип, Кыргызстандын миңдеген жылдарды камтыган тарыхы жана маданияты менен таанышып чыгышып, Кыргызстандын Кѳз карандысыздыгынын 32 жыл толушуна карата түзүлгѳн фотокѳргѳзмѳ менен да кенири таанышышты.

Улуттук тарых музейи 31-август күнү да кѳрүүчүлѳрдүн эс алуусу үчүн иштеп, экспозициясын ачат жана кѳргѳзмѳ менен таанышып кетүүгѳ чакырат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90