КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МУЗЕЙЛЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КЕНЕШИНИН (ИКОМ) МУЗЕЙЛЕР КОМИТЕТИНИН ЖЫЛДЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ УЮШТУРУЛДУ
Улуттук музейде кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Эл аралык адабий музейлер жана композиторлор музейлери комитетинин жылдык конференциясы ѳткѳрүлдү.
Конференциянын ачылышында, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, КР Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова, ICLCMдин президенти Адриано Риголи ж.б. музей кызматкерлери жана окумуштуулар, ИКОМдун мүчѳлѳрү катышып, иш-чарага ийгилик каалашты.
Алгач конференцияны сѳз сүйлѳгѳн ICLCM – Эл аралык музейлер кеңешинин адабий жана композиторлордун музейлеринин эл аралык комитетинин президенти Адриано Риголи, иш-чаранын негизги максаты: тарыхый-биографиялык музейлердин жана композиторлор музейлеринин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү болуп саналаарын белгиледи.
Конференциянын алкагында эл аралык кызматташтыктын перспективалары боюнча семинарлар, пленардык дискуссиялар жана ЮНЕСКОнун, ИКОМдун өкүлдөрүнүн жана Азербайжан, Латвия, Италия, Германия, Россиянын музей адистеринин катышуусунда тематикалык докладдар жасалды.
КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова ѳзүнүн презентациясында, тарых музейинин эл аралык кызматташтык багытында жигердүү жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча баяндады.
Илимий докладдарда музей, адабият жана ѳзгѳчѳ “Манас” эпосунун материалдык эмес мурас катарынынданы орду тууралуу бир катар макалалар окулду.
Конференциянын катышуучулары, иш-чаранын жүрүшүндѳ Улуттук тарых музейинин туруктуу кѳргѳзмѳсүн атайын кѳрүп чыгышты.
Аларга кыргыз эпикалары, адабий чыгармалар, акындык ѳнѳр, улуттук аспаптар, элдик фольклор сындуу руханий баалуулуктар боюнча бай маалымат берилди.