музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН ИТАЛИЯНЫН БАЛЕТ МЕКТЕБИНИН ѲКҮЛДѲРҮ КѲРҮҮГѲ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН ИТАЛИЯНЫН БАЛЕТ МЕКТЕБИНИН ѲКҮЛДѲРҮ КѲРҮҮГѲ КЕЛДИ

Борбордук Азиянын кеңири мейкиндигине ѳз изин калтырган элдин тарыхы жакындан билүү максатында Улуттук тарых музейине “Nuovo Balletto Classico” балет мектебинин жана “Классический балет Кози – Стефанеску” италия бий академиясынын жетекчилери, дүйнѳгѳ таанымал таланттуу балет бийчилери Лилиана Кози, Резарт Стаффа жана меймандарды кабыл алган уюштуруучу балетмейстер Канат Надырбектер келип, тарых музейинин экспозициясын кѳрүп чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова меймандарды ѳзү тосуп алды.

Чыгармачылык жана достук визиттин алкагында келген ѳкүлдѳргѳ, ѳлкѳнүн искусствосунун ѳнүгүшү үчүн кызмат кылып, кыргыз балет бий ѳнѳрүнүн түптѳѳчүлѳрү болгон балериналар Бүбүсара Бейшеналиева, Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаева, балетмейстерлер Уран Сарбагышев, Чолпонбек Базарбаевдердин ѳмүр жолу тууралуу фото, документ жана буюмдары аркылуу кызыктуу экскурсия уюштурулду.

Кыргыз бий ѳнѳрүнүн ѳнүгүшүнѳ салым кошуу, таланттуу бийчилерди чет жерден окутууга кѳмѳктѳшүү максатында келген исскусство ишмерлери, кыргыз тарыхы менен тааныштырган маданий-агартуучулук программага мүмкүндүк берген мекемеге, соңунда ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90