УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН АСКЕР ПРОКУРАТУРАСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Россия Федерациясынын аскердик-укуктук кѳзѳмѳлдѳѳ мекемесинин ѳкүлдѳрү, эки ѳлкѳнүн ортосундагы кызматташтыкты арттыруу максатындагы иш сапарынын алкагында, тарых музейине саякат жасады.
Аскер ѳкүлдѳрүнѳ Евразия континентинин кеңири аймагында, анын ичинде Сибирден – Теңир-Тоого тараган таш-коло доорунун маданияты, Чыгыштан – Батышка жүргѳн элдердин миграциясы, түрк-монгол элдеринин Кыргызстандагы уникалдуу археологиялык табылгалары, орус-кыргыз алакаларынын кѳп жылдык тарыхы, ж.б. темалар боюнча экскурсия жүргүзүлдү.
Тарых музейинин 4 миңден ашуун түп нуска жана жардамчы предметтери аркылуу, миң жылдарды камтыган адамзаттын жана кыргыз элинин тарыхы тууралуу берилген маалыматка, соңунда расмий меймандар ыраазычылыгын билдирди.